Канат Сагынбаев эмгек министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Коом 25 Август 2025 16:30
68ac382530f2d.jpg
68ac382531217.jpg
68ac38251d83e.jpg
68ac38251d2bb.jpg
Алдыга
Артка
68ac382530f2d.jpg
68ac382531217.jpg
68ac38251d83e.jpg
68ac38251d2bb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаевди министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды.

Эдил Байсалов ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып Канат Сагынбаевдин жогорку профессионалдык тажрыйбасын жана башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы өлкөнүн социалдык чөйрөсүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана министрликтин алдында турган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Канат Сагынбаев көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган эмгек, иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Канат Сагынбаев КР президентинин жарлыгы менен эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо үчүн макулдашууга киргизилет.