Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Жеңил өнөр жайы – өлкөбүздүн негизги экспорттук тармагы, деди экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Бишкекте өткөн Bee Fashion & Textile Forum (BFTF) эл аралык форумунда.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин орун басары өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын 93% кийим-кече буюмдары чет өлкөгө экспорттолуп жатканын айтты.
"Бүгүнкү көргөзмө тармакты эл аралык аренада өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат", - деди ал.
"Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Такиров тигүү тармагындагы ишкерлерди колдоо жана каржылоону камсыздоо боюнча программаны сунуштап, борбордун негизги багыттары: аналитикалык жана консультациялык жардам, "Караван-экспорт" билим берүү программасы жана эл аралык көргөзмөлөргө катышууга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, форумда өлкө өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү стратегиялык багыт болуп саналган "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасына өзгөчө көңүл бөлүндү.
Белгиленгендей, иш-чара Экономика министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору, "РАФИ" ЖЧКсы жана Евразия Бизнес-клубу тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда текстиль жана мода тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.