Тигүү тармагына колдоо күчөйт. Салыктар азайтылып, жеңилдиктер берилет

Экономика Загрузка... 10 Декабрь 2025 18:05
332.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жеңил өнөр жай тармагында тигүү ишканалары өзгөчө орунду ээлейт. Өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө Кыргызстанда тигилген кийим-кече сапаты жагынан кыйла айырмалангандыктан, суроо-талап жогору. Ар бир мезгилге жараша тигүүчүлөр өз продукцияларын ички рынокко да, сыртка да чыгарып, киреше таап келет. Саналуу күн мурун президент Садыр Жапаров “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү керектиги белгиленди.

594078803_1144280301210609_4143031392058764162_n

Аталган жарлыктын алкагында камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтып, киреше салыгынан толук бошотуу сунушталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, ишкерлерге түшүндүрүү жүргүзүлүп, администрациялоо күчөтүлөт. Ар бир райондогу тигүү ишканалары көмүскөдө иштебей, ачыкка чыгышы зарыл.

571220139_1114080644230575_2677378585125087771_n
“Мына, салык жагынан 0,25% төмөндөтүлгөн чен, киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да колдоо көрсөтүлүп жатат. Ушундай колдоолор болуп жаткандыктан, ишкерлер таза, ачык-айкын иштеши керек. Алар мыйзамдуу иштешсе, кийин пенсия чегерилет. Ишкерлер муну түшүнүшү кажет. Алар "тигүүчүлөр келип, бир-эки жума иштеп кетип калат" деп иштериндеги көйгөйлөрдү көп айтышат. Мындай учурлар бар. Бирок ал маселелердин баары чечилет”, — деди ал.

Тигүү ишканаларына кандай жеңилдиктер берилет?

  • тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ченин жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү;
  • чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин азайтуу;
  • Кыргызстандын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иштер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө;
  • чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияларга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө;
webpc-passthru-11

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары учурда Кыргызстанда тигүү ишканаларынын бардык категориялары үчүн бирдиктүү шарттарды түзө турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты. Документтеги жаңы эрежелер тигүүчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзмөкчү.

“Камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык акынынын 40%ынан 12% өлчөмүндө эсептелип, орточо 2 200 сомдун тегерегин түзмөкчү. Мындан тышкары, белгилүү бир мөөнөткө киреше салыгынан бошотуу да киргизилиши мүмкүн. Бул тигүүчүлөрдү оор мезгилде колдоого алып, бизнесин мыйзамдаштырууга түрткү берет. Экспорт боюнча көйгөйлөр болуп жатат. ЕАЭБде тийиштүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишкерлерге кайсы документтерди толтуруш керек, кандай талаптар бар — бул багытта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анткени тигүү тармагы экспортко иштеген тармак”, — деди Ысабеков.
shveynit-ceh.max-1920x1080.format-webp

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тигүү тармагы жеңил өнөр жайдын негизги багыттарынын бири. Бул тармакта миңдеген адамдар жумуш менен камсыздалган. Буга байланыштуу тигүү ишканалары жумуш орундары менен камсыз кылууда айыл чарбадан кийинки эле орунда турат. Ошондой эле тигүү ишканалары экспорттун өсүшүнө олуттуу салым кошот. Өлкөдө тигилген кийим-кечектин экспортунун көлөмү айыл чарба продукцияларынан кийинки сапта турат деп айтууга болот. Атаандаштык күчөп жаткан учурда салыктык жана камсыздандыруу жеңилдиктери бул тармактын туруктуу өнүгүшү үчүн абдан маанилүү экени белгиленүүдө.