Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылган институттун базасында 200 млн сомго жакын каражатка 15 заманбап лаборатория камсыздалды.
"Алар жашыл энергетика жана тоо-кен тармагы багытында иштеп, Борбор Азиядагы эң ири илимий, билим берүү жана практикалык борборлордун катарын толуктайт",-деди министр.
Эскерте кетсек, бул долбоор Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатында ишке ашкан эң ири багыттардын бири болуп саналат.