Иран бир катар өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат берди

Дүйнө Загрузка... 24 Апрель 2026 11:00
347744685404247.webp
copyright icon www

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Иран бир катар өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Tasnim билдиргенин, РБК басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Тегерандын мындай чечими менен Россия, Индия, Ирак, Кытай жана Пакистандын кемелери жабык турган кысык аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы бир канча жумадан бери жабык турат. Ал аркылуу дүйнөлүк нефтинин төрттөн бир бөлүгү жана КМШга мунай жеткирүүнүн бештен бир бөлүгү өтөт.