Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Индонезияда Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам жети аэропорт жабык бойдон калууда. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Каттамдардын токтотулушунан жана кечигүүсүнөн 270 миңден ашык жүргүнчү жабыркады.
Маалыматка ылайык, жанар тоо жума күнү кечинде атылып, лава фонтанын чыгарган. Күл жана түтүн 15 чакырымдан ашык бийиктикке көтөрүлгөн. Индонезиянын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2300 каттам токтотулган.
Адистер жанар тоонун күлүндө күкүрт жана кремний болгондуктан, анын учак кыймылдаткычтарына зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Ошондой эле күлдүн тарашынан улам абада көрүнүү начарлаган.
Анак-Кракатау Индонезиядагы болжол менен 130 активдүү жанар тоонун бири болуп, Тынч океандын "Оттуу шакеги" деп аталган сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан.