Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Индонезия креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана алардын дүйнөлүк рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын Индонезиянын креативдүү экономика министри Теуку Риефки Харся менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тажрыйба алмашуу, креативдүү өнүмдөрдү Борбор Азиянын рынокторуна чыгаруу жана "Creative Milky Way" аттуу эл аралык платформаны түзүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен координациялык кеңеш түзүүнү макулдашты.
Индонезиянын креативдүү экономика министри Кыргызстанга 2027-жылы иш сапары менен келүүгө чакырууну кабыл алды.