Бишкек, 27.02.25./Кабар/. "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан 3-4 метр жер берип, ордуна 750 гектар жер алдык. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, эки жылдай убакыттан бери «Головной» боюнча бир пикирге келүү боюнча талашып-тартышуулар болду.
"Чек ара дарыянын нугунан өткөндүктөн, тажик тарап аны берүүнү суранган, биз каршы болгонбуз. Акыры 1,5 люк биздики, 1,5 люк тажик тараптыкы деп макулдашканбыз. Ал жерде үч эле люк бар. Ошол 3-4 метр жердин ордуна 750 гектар жерди компенсация катары алдык", - деди ал.
Тажикстандан алынган 750 гектар жердин тизмеси:
- Унжу-Булак участогунан 500 гектар жерди алдык. Бул Чоң-Алайдагы чырлуу жер болчу;
- Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер алдык. Бул Сүлүктүгө кире бериш жерде. Тажиктердин чек арасы жолдун үстүнө чейин болуп, мурда биздин жолдун үстүнөн бизди карап турушчу. Ошону 100 гектарга чейин ичине киргизип, негизги трассанын боюнан жылдырдык;
- Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Катта-Туз бирде тажиктерде, бирде бизде болуп ызы-чуу болуп жүрчүбүз. Документтердин баарын текшерип чыксак, ал участок бизге бөлүнгөн эмес экен. 600 гектарды ээлейт, ал жакта нефть скважиналары бар. Буга чейин анын 300үн биз алып, 300ү аларда болчу. Компенсациянын эсебинен алардагы 300 гектардын дагы 150 гектарын алдык. Жыйынтыгында Катта-Туздун 450 гектары бизде калды.