“Оскар” сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

Дүйнө Загрузка... 24 Январь 2026 11:02
1769144537-1oscar.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.01.26 /Кабар/. АКШнын киноакадемиясы быйыл 98-жолу тапшырыла турчу “Оскар” сыйлыгынын талапкерлерин расмий түрдө жарыялады. Бул жылы 24 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Ар бир номинациядан адаттагыдай эле бештен талапкер көрсөтүлдү. Ал эми башкы номинация – “Эң мыкты фильм” наамы үчүн он тасма ат салышат.

Сыйлык тапшыруу аземи 15-мартта Лос-Анжелестеги Dolby Theatre театрында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө түз эфирде көрсөтүлөт.

“Эң мыкты фильм” номинациясы боюнча төмөндөгү тасмалар көрсөтүлөт:

“Бугония” (Bugonia) - режиссеру Йоргос Лантимо;

“Формула-1” (F1) - режиссеру Жозеф Косински;

“Франкенштейн” (Frankenstein) - режиссеру Гильермо дель Торо;

“Гамнет” (Hamnet) - режиссеру Хлоя Чжао;

“Марти Великолепный” (Marty Supreme) - режиссеру Жош Сафди;

“Битва за битвой” (One Battle After Another) - режиссеру Пол Томас Андерсо;

“Секретный агент” (The Secret Agent) - режиссеру Клебер Мендонса Фильо;

“Сентиментальная ценность” (Sentimental Value) - режиссеру Йоаким Триер;

“Грешники” (Sinners) - режиссеру Райан Куглер;

“Поезда мечты” (Train Dreams) - режиссеру Клинт Бентли.