Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат Загрузка... 16 Март 2026 10:22
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сэмюэл Окудзето Аблаква расмий сапары менен 15–17-март күндөрү өлкөдө болот.

Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландалууда.

Анда Кыргызстан менен Гананын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.