Fitch Ratings «Элдик Банктын» кредит рейтингин «Туруктуу» болжол менен «B» деңгээлине көтөрдү

Бизнес Загрузка... 04 Июнь 2025 10:52
ee05c599-a52b-4c45-85e2-e38473d88471.jpeg
copyright icon Элдик Банк

«Элдик Банк» — кредит рейтингин «Туруктуу» божомол менен «B» деңгээлине ийгиликтүү көтөрүүгө жетишкен Кыргыз Республикасындагы биринчи банк болду.

Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги «Элдик Банк» ААКнын улуттук жана чет элдик валюталардагы эмитенттин дефолтунун узак мөөнөттүү рейтингин (кредит рейтингин) «B-» деңгээлинен «B» деңгээлине чейин көтөрдү. Болжол — «Туруктуу». Бул Кыргыз Республикасынын суверендүү кредит рейтингине барабар.

Муну менен «Элдик Банк» өлкөдө кредит рейтингин сактап калбастан, жогорулаткан биринчи банк болуп калды. Эске салсак, 2024-жылдын башында банк Fitch Ratings эл аралык агенттигинен «B-» деңгээлдеги кредит рейтингин «Туруктуу» божомолу менен алган.

Рейтингдин жогорулашы — өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырганын, «Элдик Банктын» системалуу маанисин жана зарыл учурда мамлекеттин колдоо мүмкүнчүлүгүн чагылдырат.

Fitch Ratings тарабынан белгиленген негизги факторлор:

  • Сектордогу лидерлик: «Элдик Банк» — банк секторундагы бардык активдердин 16% үлүшү менен өлкөдөгү экинчи ири банк;
  • Жигердүү өнүгүү: кредиттик портфелдин орточо жылдык өсүшү акыркы үч жыл ичинде 34% түздү — бул тармактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири;
  • Финансылык туруктуулук: Жогорку рентабелдүүлүк, ишенимдүү ликвиддүүлүк жана капиталдаштыруу (Fitch Core Capital — 2024-жылы 28%, 2025–2026-жылдары 35–40%га чейин өсүшү күтүлүүдө);
  • Мамлекеттик колдоо: Мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз капиталдык салымдар банктын позициясын бекемдеп, социалдык маанидеги программаларды кеңейтүүгө шарт түзүүдө.

«Fitch рейтингинин жогорулашы — өлкөбүздүн банк секторунда “Элдик Банктын” ишенимдүү, динамикалуу өнүгүп жаткан катышуучу катары таанылганынын далили. Бул — банктын командасынын сары майдай жыйналган эмгегинин, корпоративдик башкарууну чыңдоонун жана туруктуу өнүгүү стратегиябыздын жыйынтыгы. Кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө жана мамлекетибизге ыраазычылык билдиребиз», — деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.

Маалымат үчүн: Fitch Ratings — дүйнөдөгү алдыңкы үч эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири. Fitch рейтингдери уюмдардын жана мамлекеттердин финансылык туруктуулугунун ишенимдүү көрсөткүчү катары дүйнө жүзүндө таанылган.

КРУБ лицензиясы №033