Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 14:10
6a758b6bc68a1 (1).jpeg
6a758b65ea491 (1).jpeg
6a758b7108bdc.jpeg
6a758b6e42203.jpeg
6a758b6ce26ed.jpeg
6a758b70ee24e.jpeg
6a758b6bc68a1.jpeg
6a758b683a3ef.jpeg
6a758b6978036.jpeg
Алдыга
Артка
6a758b6bc68a1 (1).jpeg
6a758b65ea491 (1).jpeg
6a758b7108bdc.jpeg
6a758b6e42203.jpeg
6a758b6ce26ed.jpeg
6a758b70ee24e.jpeg
6a758b6bc68a1.jpeg
6a758b683a3ef.jpeg
6a758b6978036.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Алардын арасында:

  • "Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө" тескеме;
  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
  • "Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчету жөнүндө" тескеме;
  • "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө" тескеме.

Белгилей кетсек, 2026-жылы ЕАЭБдин жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылуу милдетин Казакстан аткарууда. Бул чечим 2025-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"