Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Минскте өтөт

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 14:50
WhatsApp Image 2026-08-07 at 14.42.22.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны 1-2-октябрда Беларустун Минск шаарында өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 6-7-августта Чолпон-Ата шаарында өттү.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптардын ортосунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"