Бишкек, 03.02.25. / Кабар/. Кыргызстанда эртең, 4-февраль - Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата онкологиялык оорулар тууралуу калкка маалымат жеткирүү “Өз убагында текшерил – рактан бир кадам алдыда бол!" өнөктөгү башталат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Тинатин Осмонова билдирди.
Ал белгилегендей, өнөктүктүн алкагында 4-7-февраль күндөрү саламаттык сактоо мекемелеринде жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак оорусу боюнча ачык эшик күндөрү өтөт. Гинеколог, маммолог дарыгерлер жатын моюнчасы менен сүт безине текшерүүлөрдү жүргүзүп, кеп-кеңештерди берет. Скрининг жана консультациялар Бишкектеги айрым Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалал-Абад шаарындагы Репродукция борборунда өтөт.
“Өлкөдөгү ар бир жаран каттоодо турса дагы турбаса дагы келип акысыз текшириле алат. Жогоруда айтылган рактын бул эки түрү аялдар арасында эң кеңири таралган. Бирок, бул оорулар менен гана чектелбейбиз. Жаранда кандай көйгөй болбосун, кеп-кеңеш берип, текшерүүдөн өткөрөбүз”,-деди дарыгер.
Дарыгердин айтымында, рак оорусу канча эрте аныкталса, дарылоо ошончолук жеңил болот. Жарандарга маалымат жеткиликтүү болушу үчүн ооруга байланыштуу жумалыктарды байма-бай өткөрүү керек.