Эртең Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-08-06 at 17.38.39.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 06.08.26. /Кабар/. Эртең, 7-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Евразиянын экономикалык күн тартибине кирген 15тен ашык маанилүү маселени кароо пландалууда.

Бүгүн, 6 августта ЕӨАКтын жыйыны тар курамда өтүп жатат. Ага Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары — Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда.

Кеңейтилген курамдагы жыйында катышуучулар евразиялык экономикалык интеграцияны мындан ары өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар маселелерди талкуулашат.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"