Ташкент, 16.05.25. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстандагы жаштар жетектеген микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо максатында 25 млн доллар өлчөмүндөгү кредиттик линия ачты. Бул каражат «Жаштар ишкердикте» программасынын алкагында берилип жатат.
Насыя ресурсу SQB банкы аркылуу жаш ишкерлерге багытталат. Программа каржылык колдоого кошумча түрдө кеңеш берүү, окутуу жана бизнес байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн да сунуш кылат.
Өзбекстан калкынын 27 пайызын жаштар түзгөн шартта, бул демилге өзгөчө мааниге ээ. ЕРӨБдүн маалыматына ылайык, ишкердикке кызыккан жаштар көп болгону менен, алардын 10 пайызга жетпегени гана керектүү ресурстарга ээ.
Учурда ЕРӨБдүн Өзбекстандагы жалпы инвестициясы 5,6 миллиард еврого жетип, 174 долбоорду камтыйт. Республика Борбор Азияда банктын негизги өнөктөшү бойдон калууда.