Эмгекке тартылган 744 баланын 13ү мектепке кайтарылды

Коом 6 октябрь 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-10-06 at 09.42.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 09.43.11.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 09.42.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 09.43.11.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын II чейрегине карата республика боюнча эмгекке тартылган 744 бала аныкталып, алардын ичинен 13ү мектепке кайтарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү коштоо боюнча секторунун жетекчи адиси Айдана Мыктыбекова билдирди.

Анын айтымында, балдардын укуктарын коргоо, коопсуз жана жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча учурда бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

"Балдарга карата зомбулуктун, көзөмөлсүз калуунун, эксплуатациянын жана балдар эмгегинин алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иштер жүргүзүлүп жатат. Рейддердин жүрүшүндө эмгекке тартылган, кайырчылык кылган, көзөмөлсүз калган жана тобокелдик тобуна кирген балдар аныкталып, аларга зарыл социалдык жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө", - деди ал.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча балдардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган 344 алдын алуу рейддик иш-чара өткөрүлгөн. Мындан тышкары, мектепке барбаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Эмгекке тартылган балдарды билим берүү системасына кайтарууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, анын ичинде өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн билим берүү чөйрөсүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.

Балдардын ден соолугун жана психологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу багытында психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулары бар балдарга стационардык жардам көрсөтүү боюнча талаптар колдонулуп, балдарды зомбулуктан коргоо боюнча клиникалык колдонмолор жана протоколдор ишке киргизилген.

Мындан тышкары, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен жекече иш алып баруу күчөтүлүүдө. Балдарды коргоонун жана үй-бүлөлөр менен иштөөнүн жекече пландары түзүлүп, муктаждыктар бааланып, тиешелүү социалдык кызматтарга багыттоо жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, Ысык-Көл облусунда 61 балага карата балдарды коргоонун жекече пландары жана 11 үй-бүлөгө карата иштөө пландары бекитилген.

Балдар жана ата-энелер үчүн күнү-түнү жана акысыз иштеген 111 ишеним телефону аркылуу кеңеш берүү аркылуу жардам көрсөтүлүп, зарыл болгон учурда жарандар тиешелүү кызматтарга багытталат.

Ошондой эле балдардын абалы боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасы өркүндөтүлүп, Улуттук статистика комитети 153 көрсөткүчтү камтыган "Балдар жөнүндө статистика" интерактивдүү порталын иштеп чыккан.