«Элдик Банк» Eldik мобилдик банкинги аркылуу мамлекеттик алымды онлайн төлөө кызматын ишке киргизди

Бизнес 28 апрель 2025 17:53
«Элдик Банк» Eldik мобилдик банкинги аркылуу мамлекеттик алымды онлайн төлөө кызматын ишке киргизди
copyright icon Элдик Банк
Кабар

Кыргызстанда биринчи жолу «Элдик Банк» сотко төлөнүүчү мамлекеттик алымды Eldik мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн төлөө мүмкүнчүлүгүн жаратты.

Ошентип, банк жарандар үчүн сотко кайрылуудагы төлөм жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, кардарларга алыстан төлөм жүргүзүү ыңгайлуулугун камсыз кылды.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте ишке ашырылды.

Кызматтан кантип пайдаланса болот:

  • Eldik тиркемесин ачыңыз жана «Мамлекеттик тейлөө кызматтары» бөлүмүн тандаңыз;
  • «Сотко мамлекеттик алым төлөө» бөлүмүнө өтүңүз;
  • Сумманы киргизиңиз (зарыл болсо башка төлөөчүнү көрсөтүңүз);
  • Маалыматтарды текшериңиз жана төлөмдү ырастап коюңуз.

Электрондук квитанция «Тарых» бөлүмүндө сакталат жана жүктөп алуу мүмкүн.