Элден собол: 27-январь, 11:00 – Ысырапкорчулукка каршы күрөш: бул ирет майнап чыгабы?

Пресс-борбор 26 январь 2026 18:28
Элден собол: 27-январь, 11:00 – Ысырапкорчулукка каршы күрөш: бул ирет майнап чыгабы?
copyright icon Кабар
Кабар

27-январь күнү саат 11:00дө түз эфирде "Элден собол" берүүсү болот.

Тема: Ысырапкорчулукка каршы күрөш: бул ирет майнап чыгабы?

Суроолорго мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм институтунун профессору Аскарбек Беделбаев жооп берет.

Эгер сизде той-аштагы ысырапкорчулукка байланыштуу суроолор болсо, комментарийге калтырыңыз. Биз түз эфирде жооп алып беребиз.

Эфир “Кабар” маалымат агенттигинин ютуб жана фейсбук баракчаларында көрсөтүлөт.
#кабар #элденсобол