Элчи Бөкөнтаев РФ ИИМинин миграциялык мыйзамдарды түшүндүрүү боюнча жыйынына катышты

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 15:42
WhatsApp Image 2025-02-06 at 14.14.53.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын ички иштер министринин биринчи орун басары А. Горовойдун чет өлкөлүк жарандарды “чыгаруу режимин” киргизген РФ Федералдык мыйзамынын ченемдерин түшүндүрүү боюнча жолугушуусуна катышты.

Кыргызстандын тышкы саяий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын башчылары катышты.

Россиялык тарап РФ ИИМинин расмий сайтында (mvd.ru) ачык жайгаштырылган “көзөмөлдөнүүчү жарандардын реестрине” өзгөчө көңүл буруп, президент Владимир Путиндин жарлыгынын алкагында 2024-жылдын 30-апрелине чейин көрсөтүлгөн Реестрге киргизилген чет өлкөлүк жарандар укуктук абалын жөнгө салуусу, же Россиядан чыгып кетүүсү зарыл экенин белгиледи.

Өз кезегинде элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун эске алуу менен, экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттары үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын, бул чаралар эмгек күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылган биримдиктин негизги принциптерине шайкеш келиши керектигине көңүл бурду.

Ошондой эле ал Россия тарап кабыл алган жаңы миграциялык мыйзамдардын колдонулушу бул маселенин саясий өңүткө өтүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамды сактаган эмгек мигранттарына терс таасирин тийгизбеши керектигин белгиледи.