Илон Маск АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган Эркин Европа - Азаттык жана "Америка үнү" радиолорун жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) жазды.
Эркин Европа - Азаттык радиосунун Кыргызстанда да өкүлчүлүгү болгондуктан Илон Масктын мындай демилгеси социалдык тармактарда талкууга түшүп, көптөгөн колдонуучулар ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги президент Садыр Жапаровдун да пикирин угуп көрдү.
— Саламатсызбы? Илон Маск “Эркин Европа – Азаттык” радиосун жаап салууну сунуштады. Ал бул сунушун “аларды эч ким деле укпайт, аны менен бирге бир миллиард доллар коротууда” деп түшүндүрдү.
Сиз былтыр декабрдагы Элдик курултайда “Азаттык” жана башка бир катар ЖМКлар америкалык ар кыл фонддор тарабынан канча суммага каржыланарын айтып, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилигине: “Эгер акча каражаттарды кайда жумшай турганыңарды билбей жатсаңыздар, бизге, мамлекетке түз эле берсеңиздер, биз демократияны да, адам укугун да жогорку деңгээлде камсыздап беребиз”,- деп кайрылуу кылдыңыз эле.
Буга чейин Дональд Трамптын ЮСАИДдин ишин үч айга токтотуусу, эми Илон Масктын жана башка америкалык саясий ишмерлердин “Азаттык” радиосун жабуу демилгеси сиздин бул маселедеги эки ай мурунку позицияңызды кайталап жатат. Бул дал келүүбү же кандай?
— Бул жөн гана дал келүү. Дональд Трамп менен Илон Маск экөө менин демилгеме муктаж адамдар эмес. Экөө тең миллиардерлер. Акча асмандан жаабасын жакшы билишет. Америкалыктардын акчасын туш келди сапыра беришти токтололу деп жатышпайбы.
Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте 21-кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт.
Илгерки заман жок. Ал заман эскирди. “Азаттыкты” илгери, мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү.
Себеби ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат.
Анан биздин эл жаңылыктардын баарына эле ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет.
Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, “Эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “Кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат.
Сотко берип баштаса, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат.
Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?
Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек. Ошондуктан Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керек.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев