Эл өкүлү окуучулар үчүн ийрим борборлорун өнүктүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2025 13:00
41b14450-957a-4344-836e-77f518ec9ba7.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Окуучулар арасында катталып жаткан зомбулук, өлүм менен аяктаган окуяларга тынчсызданган депутат Эльдар Абакиров Жогорку Кеңештин жыйынында балдар үчүн мектептен кийин же мектепке чейин атайын ийримдерди өнүктүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, баланын бош убактысы көп болуп, кереги жок нерселерге убакыт бөлүүсү терс көрүнүштөргө алып келген чоң көйгөй.

“Шахмат, шашки, бий, дизайн, жасалма интеллект же спорттун түрдүү багыттары боюнча ийримдерди ачуу керек. Мен түшүнөм шаарларда мектептер балдар көптүгүнөн 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Кайсы бир мектептердин аянттары жол берсе, жер бөлүп берип мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу жеке ишкерлердин арасынан тендер жарыялап 2, 3 кабат балдар үчүн ийрим борборлорун куруу сунушун берем”, - деди Эльдар Абакиров.

Эл өкүлү белгилегендей, туура эмес иштерге аралашып, алектенгенге убакыттары жок болуп, балдар ийримдерде пайдалуу иштер менен алек болушу керек.