Депутат Бекмурза Эргешовдун соттуулугу текшерилүүдө — БШК

Коом Загрузка... 03 Март 2026 18:55
WhatsApp_Image_2025_jJTUNGM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешовдун соттуулугуна байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылып, өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Боршайкомдон билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы күндөрү социалдык тармактарда эл өкүлүнүн мурда соттуулугу болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мындан улам, БШК бул фактылардын чын-төгүнүн текшерүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү өтүнүчтү жиберген.

Учурда кайрылуунун жообу Борбордук шайлоо комиссиясына келе электиги жана маалымат такталгандан кийин кошумча кабарланары айтылды.

1766115832468.jpeg