Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков "Евразия үчүн эркиндик” уюмун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.
Парламенттен билдиришкендей, бүгүн жыйында эл өкүлү Кыргызстандын саясатын мамлекет башчысы жана элибиз аныкташы керектигин билдирген.
“26-январда Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өттү. Ага Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаттары байкоочу катары катышты. Бирок, Австриянын "Евразия үчүн эркиндик" уюму бул аракетти сынга алып, "демократиялык принциптерди жана эл аралык нормаларды ачыктан ачык этибарга албагандык” – деп жазып чыгышты.
Алар эл аралык байланыштарыбызга да өз алдынча баа берип жатышат. Муну биздин өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү деп эсептейм. Бул көрүнүш туура эмес. Кыргызстандын саясатын мамлекет башчысы жана элибиз аныктайт. Андыктан, Тышкы иштер министрлиги бул боюнча тез арада реакция кылышы керек. Биздин ички саясатка кийлигишүүгө алардын укугу жок", – деди Сүйүнбек Өмүрзаков.
Эске салсак, "Евразия үчүн эркиндик” (FFE) уюму Беларусь Республикасында өткөн президенттик шайлоого байкоочу катары барган Кыргызстандын өкүлдөрүн айыптап, аларга санкция салууга чакырган билдирүү тараткан.