Эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү кеңейтет

Коом 518 28 Апрель 2026 10:00
680003639_983128630781172_9213590316324851628_n.jpg
678404306_983128824114486_1769414528148673118_n.jpg
679406574_983129037447798_1702418638479919691_n.jpg
Алдыга
Артка
680003639_983128630781172_9213590316324851628_n.jpg
678404306_983128824114486_1769414528148673118_n.jpg
679406574_983129037447798_1702418638479919691_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов АКШнын Юта штатынын Сенатынын төрагасы жана эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Дамир Осмонов америкалык тарапка Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын ырааттуу колдоосу жана биргелешкен гуманитардык жана медициналык демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтты.

Саламаттык сактоо министрлиги жана Project C.U.R.E. уюму менен өнөктөштүктүн алкагында өлкөдөгү үч оорукана үчүн медициналык каражаттар салынган контейнерлерди жеткирүү каржыланды.

Ошондой эле MedGlobal уюму менен өнөктөштүктө былтыр Жалал-Абад шаарындагы жаңы төрөт үйү үчүн рентген, ультраүндүк жабдуу жана генераторлор алынган. Мындан тышкары кызматкерлер окутулган.

Юта штатынын Сенатынын өкүлдөрү эки тараптуу кызматташуунун жогорку потенциалын белгилеп, саламаттык сактоо, гуманитардык жардам, билим берүү жана тажрыйба алмашуу тармактарында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин белгилешти.

.The Stirling Foundation уюмунун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Жози Макги Кыргызстандагы долбоорлорду улантуу жана жакынкы жылдары колдоону кеңейтүү ниетин ырастады.