Эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чыңдоо маанилүү – президент

Президент Загрузка... 29 Апрель 2026 13:45
photo_5444897394999891164_y.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чындоо, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташууну бекемдөө өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эки тараптуу достук атмосферасында мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөр өтүп, кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланган.

“Африка өлкөсүнүн лидеринин өлкөбүзгө жасаган тарыхтагы алгачкы жогорку деңгээлдеги сапары. Учурдан пайдаланып, Фор Гнассингбен сизге узак жолду басып келгендигиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Бүгүн биз достук атмосферасында мазмундуу жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкууладык. Жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетиштик. Географиялык алыстыкка карабастан, биз Тогону жаңы дипломатиялык өнөктөш катары гана эмес, жалпы максаттарды бөлүшкөн, руханий жактан жакын дос катары көрөбүз. Бүгүнкү күндө эл аралык чыңалуу күчөп жаткан шартта достукту чындоо, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташууну бекемдөө өзгөчө мааниге ээ”,- деди президент Жапаров.