Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосунда улуттук валюталар менен өз ара эсептешүүлөрдү кеңейтүү кыргызстандык компаниялар үчүн тышкы сооданы жеңилдетип, айрым учурларда валюталарды конвертациялоого байланыштуу чыгымдарды азайтышы мүмкүн. Бул тууралуу экономист Уран Садыгалиев Акипресс агенттигине билдирди.
Ал Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жаткан мезгилде уюмдун алкагындагы финансылык кызматташтыкты талкуулоого байланыштуу пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын жетекчилеринин жолугушуусу өткөн. Анда өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды кеңири колдонуу маселеси талкууланган.
Экономисттин айтымында, мисалы, кыргызстандык компания Кытайдан жабдуу же товар сатып алганда эсептешүү үчүн үчүнчү валютаны колдонсо, ишкер алгач ошол валютаны сатып алып, андан кийин төлөм жүргүзүүгө аргасыз болот.
”Ар бир кошумча конвертация банктык комиссияларды жана валюталык тобокелдиктерди жаратат. Эгер түздөн-түз эсептешүү мүмкүнчүлүгү болсо, бул чыгымдардын бир бөлүгүн кыскартууга болот”, – деди Садыгалиев.
Анын белгилешинче, бул Кыргызстандын башка ири соода өнөктөштөрү менен жүргүзгөн соодасына да тиешелүү. Соода жүргүзүп жаткан өлкөлөрдүн валюталарында түз эсептешүү мүмкүнчүлүктөрү көбөйгөн сайын бизнестин ортомчу валюталык операцияларга болгон көз карандылыгы азаят.
Ошол эле учурда эксперт улуттук валюталарды кеңири колдонуу боюнча саясий чечимдин өзү эле бардык маселелерди чечпей турганын белгиледи.
”Ишкер үчүн мамлекеттер кагаз жүзүндө кайсы валюта менен соода жүргүзүү боюнча макулдашканы эмес, керектүү валютаны өз банкынан рыноктук курс менен сатып алып, төлөмдү ыкчам жүргүзө алабы жана валюта курсунун айырмасынан каражат жоготпойбу – мына ушул маанилүү. Бул үчүн өнүккөн банктык инфраструктура керек”, - деди ал.
Садыгалиевдин айтымында, бул багытта банктардын ортосунда түз эсептешүү системасын түзүү, валюталардын жетиштүү ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу, ыңгайлуу төлөм механизмдерин киргизүү жана валюталык тобокелдиктерди камсыздандыруунун түшүнүктүү инструменттерин өнүктүрүү зарыл.
Экономист муну Кыргызстан сыяктуу тышкы рыноктор менен тыгыз байланышкан чакан жана ачык экономика үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептейт. Анын айтымында, эсептешүү чыгымдарынын азайышы чийки затты туруктуу импорттогон же продукциясын экспорттогон чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет.
Ошол эле учурда улуттук валюталарды колдонуу доллардан же башка дүйнөлүк резервдик валюталардан толук баш тартууну билдирбейт. Негизги максат – бизнеске эсептешүүнүн көбүрөөк варианттарын сунуштап, экономикалык жактан пайдалуу механизмди тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү.
”Эгер финансылык инфраструктура сооданын өнүгүшү менен катар алдыга жылса, бул практикалык жыйынтык берет. Кыргыз ишкери үчүн негизги көрсөткүч өтө жөнөкөй: төлөм тез, ишенимдүү жана арзан жүргүзүлүшү керек. Эгер улуттук валюталар менен эсептешүү буга шарт түзсө, анда бул ШКУнун алкагындагы финансылык кызматташтыктын реалдуу пайдасы болот”, - деди Уран Садыгалиев.