Экономика министри Британия жана Швейцариянын элчилери менен жолукту

Экономика 903 10 Февраль 2025 17:38
09aded21-69ef-4c15-b2e3-584857b698b4 (1).png
IMG_6107 (1).png
cc1fd50b-981c-4a1b-9094-eeaea59355fd.png
c2f43e10-fd61-4872-8543-cd8be2153e24.png
IMG_6102 (1).png
54123843-366b-465c-bcca-4df18d7e7018.png
09aded21-69ef-4c15-b2e3-584857b698b4.png
7a504ca7-b8f2-4bd6-bb63-df7cb91b16df.png
229c50d6-c2cd-47b5-8cb1-7799fc8001d4.png
Алдыга
Артка
09aded21-69ef-4c15-b2e3-584857b698b4 (1).png
IMG_6107 (1).png
cc1fd50b-981c-4a1b-9094-eeaea59355fd.png
c2f43e10-fd61-4872-8543-cd8be2153e24.png
IMG_6102 (1).png
54123843-366b-465c-bcca-4df18d7e7018.png
09aded21-69ef-4c15-b2e3-584857b698b4.png
7a504ca7-b8f2-4bd6-bb63-df7cb91b16df.png
229c50d6-c2cd-47b5-8cb1-7799fc8001d4.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер жана Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун жана Кыргызстандын экономикасынын андан ары өсүшүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ушул алкакта, координацияны жакшыртуу жана демилгелерди илгерилетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өкмөттөр аралык комиссиянын алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Айрыкча, Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүгүү боюнча Улуттук программасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Бул программа жогорку потенциалга ээ тармактарды өнүктүрүүгө багытталган, атап айтканда: жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен тармагы, айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана туризм. Бул тармактар экономикалык өсүш үчүн келечектүү болуп саналат жана инвестицияларды тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар мындан ары да активдүү кызматташууга жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган конструктивдүү диалогду улантууга даярдыгын билдиришти.