Египетте күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 31 адам каза болду

Дүйнө
Египетте күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 31 адам каза болду
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Үрөй учурган окуя Египеттин борбору Каир шаарынын четиндеги негизги трассалардын биринде болгон. Күйүүчү май ташып бара жаткан унаа жарылып 31 киши каза болду жана 21 адам жаракат алды, деп билдирди Казинформ маалымат агенттиги.

Египеттин Саламаттыкты сактоо жана калк министрлиги бул маалыматтарды социалдык тармактарга жарыялаган. Министрликтин билдирүүсү боюнча, куткаруу иштерине 39 тез жардам унаасы тартылган. Саламаттыкты сактоо министри Халед Абдель Гаффар ооруканага түшкөндөрдү барып көрүп, өрт чыккан жерге жакын жайгашкан бейтапканалардын даярдыгын күчөтүүнү буйруду.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Египеттин Башкы прокуратурасы иликтөөнү баштады. Тергөөчүлөр ошондой эле бардык жабырлануучулардын ким экенин аныктоо үчүн ДНК үлгүлөрүн алышты.

Кырсык борбор калаанын четиндеги негизги деп эсептелген Каир айланма жолунда болгон. Күбөлөр жүк ташуучу унаа жол кыймылын бөлүп турган тосмого урунганын айтышууда. Андан кийин жарылуу болуп, өрт тез эле жакын жердеги унааларга жайылып кеткен.

Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана анын жубайы каргашага байланыштуу көңүл айтышты. Мамлекет башчысы жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү буйруду.