Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Нарын шаарында чоң майрамдык салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара 31-август күнү саат 10:00дө "Эгемен Кыргызстан – 35 жыл өнүгүү жана биримдик жолунда" сахналык көрүнүшү менен башталып, жергиликтүү жашоочуларды облус, шаар жетекчилери куттуктайт.
Ага удаа эле Нарын шаардык мекеме-ишканаларынын эмгек жамааттарынын салтанаттуу жүрүшү, майрамдык концерт, улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер жана сыйлоо аземи өтөт.
"Саат 19:00дө Москва чөлкөмүндөгү Жээк аллеясында кечки майрамдык концерт болот. Жалпы шаарыбыздын тургундарын жана меймандарын майрамдык салтанаттарга чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.