Эгембердиев: Жаза аткаруу системасын реформалоо уланууда

Коом
Эгембердиев: Жаза аткаруу системасын реформалоо уланууда

Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Чүй облусунда жаңы №21 тергөө абагын пайдаланууга берүү Кыргызстандын жаза аткаруу системасын реформалоонун маанилүү этаптарынын бири болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы тергөө абагы Бишкектин борборунда өткөн кылымдын биринчи жарымында курулган. Бул убакыт аралыгында мекеменин инфраструктурасы эскирип, коопсуздуктун заманбап талаптарына жана кармоо шарттарына жооп бербей калган.

“Эски тергөө абагы толугу менен эскирген, кармоо шарттары канааттандырарлык эмес болчу, ал эми коопсуздук маселелери заманбап талаптарга жооп бербей калган. Ошондуктан жаңы мекемени курууда биз эң биринчи коопсуздукка жана кармоо шарттарына көңүл бурдук”, — деп белгиледи ал.

Аскат Эгембердиев белгилегендей, жаңы объекттин ачылышы жаза аткаруу системасы үчүн зор мааниге ээ. Анткени бул кармоо шарттарын, коопсуздук чараларын жана мыйзамдуулукту сактоону заманбап эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Ал ошондой эле акыркы жылдары жаза аткаруу системасын реформалоонун алкагында ишке ашырылган башка долбоорлор тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, Сузак районунда жаңы тергөө абагы курулду, Базар-Коргондо жаңы түзөтүү мекемеси ачылды, Беловодское айылында №16 мекемеге капиталдык оңдоо жүргүзүлдү, ал эми №19 мекемеде өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн режимдик корпустар пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, жашы жете электер үчүн жаңы тарбиялоо абагы курулду, ал эми Молдовановка айылында соттолгондор үчүн борбордук оорукана курулду. Караколдо да жаңы тергөө абагы пайдаланууга берилди.

“Бүгүнкү №21 тергөө абагынын ачылышы — ушул өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгы. Жаза аткаруу системасын реформалоо уланууда”, - деп кошумчалады Эгембердиев.