Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Бүгүн финансы министри Руслан Сүйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү – атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү, тиешелүү укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ошондой эле ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен ишти улантууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын жалпы рыногун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.