Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин мындан аркы интеграциясын өнүктүрүүгө байланышкан кеңири маселелер каралды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жыйындын жыйынтыгы боюнча билдирди.
Анын айтымында, талкуунун жүрүшүндө сооданы өнүктүрүү, энергетика ресурстарынын рыноктору, салыктык башкаруу, санариптик экономика, бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүү, азык-түлүк коопсуздугу жана климаттык күн тартиби боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча үч маанилүү эл аралык келишимге кол коюлду.
Алардын биринчиси — ЕАЭБде товарларды электрондук соодалоо жөнүндө келишим. Документ өз ара электрондук сооданын катышуучуларынын укуктарын жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн эрежелерин аныктоого багытталган.
Экинчи келишим — ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин брокерлерин жана дилерлерин башка мамлекеттердин биржаларындагы уюштурулган соода-сатыктарга катышууга киргизүү жөнүндө келишим. Документ брокерлер менен дилерлердин улуттук лицензияларын өз ара таанууну карайт жана аларга ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биржаларда баалуу кагаздар жана туунду финансылык инструменттер менен түздөн-түз соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сагинтаев белгилегендей, бул биржа аянтчаларынын ликвиддүүлүгүн жогорулатып, капитал тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле өз ара соода жана инвестицияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Үчүнчү документ — ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде окумуштуулук наамдар тууралуу документтерди өз ара таануу жөнүндө келишим. Ал илимпоздордун жана окутуучулардын биримдиктин башка мамлекеттеринде иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана илимий коомчулуктардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрү менен экономикалык байланыштары талкууланды. Сагинтаевдин айтымында, акыркы бир жыл ичинде Сербия, Иран жана Монголия менен эркин соода боюнча келишимдер күчүнө кирди. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жана Индонезия менен жаңы келишимдерге кол коюлду.
Атап айтканда, БАЭ менен келишим 2026-жылдын 6-октябрында күчүнө кирет. Индонезия менен түзүлгөн келишим боюнча ратификациялоо процесси жыл аягына чейин аяктайт деп күтүлүүдө.
Монголия менен убактылуу соода келишими 22-июлда күчүнө кирген. Документ товарлардын кеңири тизмеси боюнча бажы төлөмдөрүн жоюуну жана соода шарттарын жеңилдетүүнү карайт.
"2026-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү үчтөн бирине өстү", - деди Сагинтаев.
Ошондой эле ЕАЭБ Индия менен сүйлөшүүлөрдү улантып, Пакистан менен биргелешкен изилдөө тобунун ишин аяктаган. Иордания, Зимбабве жана Тунис менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча да иштер жүрүп жатат.
Бакытжан Сагинтаев кошумчалагандай, ЕАЭБ буга чейин келишим түзгөн же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өлкөлөрдүн жалпы рыногунда 3,5 миллиарддан ашык адам жашайт, ал эми алардын жалпы ички дүң өнүмү 28 триллион доллардан ашат.
Жыйындын дагы бир маанилүү багыты, темир жол жүк ташууларын санариптештирүү болду. Беларусь, Казакстан жана Россия электрондук транспорттук документтерге өткөн. Армения менен Кыргызстанда тиешелүү укуктук базаны түзүү иштери уланууда.
Учурда Россия менен Беларустун ортосундагы темир жол жүк ташууларынын 94 пайызы, ал эми Россия менен Казакстандын ортосундагы ташуулардын 81 пайызы электрондук документтер аркылуу жүргүзүлүүдө.
"Жүргүзүлгөн иштер Россия менен Кытайдын ортосунда жүк ташууларды кагаз документтерди колдонбостон жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди", - деди ал.
Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын кызматташтыгын өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Милдеттүү түрдө көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон товарлардын тизмесин кеңейтүү маселеси каралууда.
Бул механизмди 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке киргизүү пландалууда. Биринчи этапта көзөмөлдөө тиричилик муздаткычтарына жана тоңдургучтарга, кир жуугуч машиналарга жана телевизорлорго жайылтылат.
Сагинтаевдин айтымында, мындай механизм товар жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатып, атаандаштыктын шарттарын жакшыртат жана товарлардын ЕАЭБ аймагына мыйзамдуу киргизилгенин тастыктоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыкты камсыз кылуу маселеси каралды. Комиссия 2025-жылдагы атаандаштыктын абалы боюнча отчетун сунуштады. Жалпысынан атаандаштыктын бузулушунун белгилери, үстөмдүк кылган абалды кыянаттык менен пайдалануу жана атаандаштыкка каршы келишимдер боюнча 18 арыз жана кайрылуу каралган.
Мындан тышкары, 22 товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына баа берилген.
Сагинтаев ошондой эле эл аралык роумингдеги мобилдик байланыштын баасын төмөндөтүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн байланыш операторлору менен биргеликте 2028-жылдан тарта роумингдеги үн байланыш кызматтарына адилеттүү тарифтерди киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Анын айтымында, келечекте роумингдеги тарифтерди абоненттин өз өлкөсүндөгү тарифтерге мүмкүн болушунча жакындатуу жана чалуулардын баасын олуттуу төмөндөтүү максат кылынууда.
“Кийинки Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны 1-2-октябрда Минск шаарында өтөт”, - деп жыйынтыктады ал.
Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"