Достук айылы сууну тажик тараптан алып келген – Ташиев

Коом Загрузка... 19 Март 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин маалымат кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Достук айылы сууну тажик тараптан алып келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Баткен облусунун Баткен району менен Согди облусунун Исфара районунун ортосундагы туташ эмес участокторду өз ара жөнгө салууга жетишилди. Ага ылайык, Достук айылы тажик тарапка берилди.

“Баткен районунун Достук айылы 91 гектарды түзөт. Мунун 35 гектарында турак жайлар жайгашкан. 71 үй участокко бөлүнгөн. Бирок 71 кожолук жашабайт ал жерде, 30-40 үй-бүлө туруктуу жашайт. Бул жерди биз толук бойдон тажик тарапка өткөрүп бердик. Себеби, Достук айылы сууну тажик тараптан алып ичишет. Мындан улам аларга көз каранды. Эгерде биз Достук айылын өзүбүздө калтыра турган болсок, чек ара зым тор менен тосулмак. Анан Достук айылы жакынкы Кызыл-Бел айылына чейин 20 чакырым, Баткенге чейин 30 километр. Достукта туруктуу жашаган 30-40 үй-бүлө тажик тарапка өтө албайт. Анан булар дайыма Кызыл-Белге же Баткенге катташ керек. Кийинки муундарга бул жерде жашоо оор болуп калмак. Себеби суу дагы тажик тараптан алынат. Бүгүнкү күндө Достук айылына Баткендин Чет-Булак деген жеринен жер бердик. Үй салууга 71 үй-бүлөгө 10 сотыхтан жер берилди. Ал жерге мамлекет үй салып берет. Ошол үйлөрүнүн жанынан дагы 10 сотыхтан жер бердик. Дагы кошумча 10 сотыхтан Кызыл-Белден айыл чарба багытында пайдаланууга 9 сотыхтан үлүш жер бердик. Ошентип дээрлик 30 сотыхтан жер бердик”, - деди УКМК төрагасы.

Камчыбек Ташиев Достук айылынын Тажикстанга берилиши келечек муун үчүн эң туура чечим болгондугун айтып өттү.

“Ар бирибиздин туулуп-өскөн, киндик кан тамган жерибиз бар. Ата-энелер көмүлгөн мүрзөлөр бар. Бирок буга карабастан, азыркы жашап жаткандарга бул психологиялык жактан кыйын болушу мүмкүн. Бирок кийинки муундардын келечегине бул эң жакшы нерсе болот. Себеби Достуктун төрөлө турган балдары Чет-Булакта төрөлөт. Шаардын жанында жашап, окууга шарт түзүлөт. Бир журналист Достуктагы мектепте 20 окуучу окуй турганын айткан маалыматты көрүп калдым. Ошондуктан биз Достук айылы боюнча эң туура чечим кабыл алдык. Азыр тургундар ичи ачышып, айыл калып кетти деп айтышы мүмкүн, бирок биз кийинки муундарга ылайыктап чечимдерди кабыл алышыбыз керек деп эсептейбиз”, - деди ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев Достук айылындагы застава да тажик тарапка өткөрүп берилгенин, бирок алардын 2 заставасын - бири Кайрагачтан, дагы бирөөсү Ляккондон алынганын кошумчалады.