Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ошто “Биримдик кербени” маданий долбоору башталды

Аймак Загрузка... 11 Декабрь 2025 16:54
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Ошто VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктардын алкагында “Биримдик кербени” маданий долбооруна старт берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарада эстафета катары бериле турган суу — кыргыз эли үчүн өзгөчө маанини билдирип, өлкөнүн биримдигин чыңдоону, салт-санааны даңазалоону жана аймактардын маданий мурасын таанытууну көздөйт.

Анткени суу — көчмөн цивилизациясында тазалыктын, жаңылануунун жана муундардын улантылышынын символу. Мындан улам суу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биримдиктин башкы белгиси катары колдонулат.

“Биримдик кербени” өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Ар бир аймактын булагынан алынган суу салтанаттуу түрдө көөкөргө куюлуп, Ошко жеткирилет. Ал эми 2026-жылдын 5-15-август күндөрү Бишкек шаарына жеткирилет. VI Көчмөндөр оюндарынын ачылышына чейин Башкы суу сактагычта жайгаштырылат.

2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш аземинде көөкөрлөр “Бишкек-Арена” стадионуна чыгарылат. Анда мурунку оюндардын символу болгон казак Торсыгындагы суу жана башка өлкөлөрдөн келген суулар бир идишке куюлуп, көчмөн элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин чагылдырмакчы.