Депутаттар "Учкунда" китеп басып чыгаруу иштери менен таанышты

Коом 1820 11 Апрель 2025 18:11
490111071_1099328238907586_5892902379777339378_n.jpg
485349889_1099328235574253_9181752360831927858_n.jpg
489821985_1099328232240920_7625416659079104113_n.jpg
Алдыга
Артка
490111071_1099328238907586_5892902379777339378_n.jpg
485349889_1099328235574253_9181752360831927858_n.jpg
489821985_1099328232240920_7625416659079104113_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин "Мекенчил" фракциясынын депутаттары "Учкун" ААКка барып, ири долбоорлор менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министр Догдуркүл Кендирбаева эл өкүлдөрүнө "Учкун” ААКта басылып жаткан китептер тууралуу маалымат берди. 

Министр 2025-жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин басып чыгарууга 744 млн сом акча каражаты каралганын айтты. 

“Учурда 4-класстар үчүн “Англис тили” окуу-методикалык комплекстери басылууда (158 700 окуу китептери, 158 700 жумушчу дептер, 4 950 мугалимдер үчүн методикалык колдонмо).
Андан тышкары 3-класстар үчүн 148 830 нуска “Англис тили” окуу китептери менен 5-класстар үчүн 150 миң 70 нуска окуу китептерин, 150 миң 70 нуска жумушчу дептерлерин жана 4 870 нуска методикалык колдонмону басууга келишим түзүлдү”, - деди министр.

Маалымат үчүн: Билим берүү жана илим министрлиги КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даяроо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгарууну "Учкун" ААК менен келишим  түзүү аркылуу жүзөгө ашырат.