Дельфий оюндары: Беларустун делегациясы келди

Маданият 23 Март 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.06 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.06 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.06 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 06.16.06 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин биринчи Жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн Беларустун делегациясы келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, делегация Дельфий оюндарында өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

ШКУнун алкагында алгач ирет өткөрүлүп жаткан бул оюндар жаштар арасындагы эл аралык достукту, маданий байланышты жана кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Белгилей кетсек, 23-марттан 28-мартка чейин ШКУга мүчө өлкөлөрдүн биринчи Жаштар Дельфий оюндары өтөт.

Программага сегиз сынактык номинация киргизилген: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптар жана колдонмо-декоративдик искусство.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземи эртең Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.