Кулпунайдын ден соолукка тийгизген пайдасын билесизби?

Коом Загрузка... 23 Май 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Учурда базарларда жана дүкөндөрдө мөлтүрөгөн кулпунайдын жыты буркурап, жегиңизди гана келтирет. Ал витаминдерге бай, май жана холестерин жок болгондуктан, калориясы аз азыктарга кирет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да кулпунай өстүргөндөр көбөйдү. Алдыда биз жаш-кары дебей сүйүп жеген кулпунайдын пайдасы тууралуу айтып беребиз.

Кулпунай – бул жайдын башында биринчилерден болуп бышкан жемиштин бири. Анын көп сорттору бар, алар эрте бышканы, көлөмү менен айырмаланып турат. Кулпунай аллергия кылуучу жемиштерге киргендиктен, тамак-ашка аллергиясы барлар абайлап колдонушу керек.

WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.34.51.jpeg

Кулпунайдын ден соолукка пайдасы

Кулпунай С витаминине, антиоксиданттарга бай. Дээрлик 90%ы суудан тургандыктан, калориясы аз продукт болуп саналат. Курамында фолий жана салицил кычкылы бар. Жүрөктүн жана нерв системасынын иштешин жакшыртат, иммунитетти көтөрөт. Кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүп, сезгенүү процесстерин алдын алууга, тамак сиңирүүгө жардам берет. Кулпунай ошондой эле көз ооруларынын өрчүшүн азайтат.

WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.34.52 (3).jpeg

Кулпунай косметологияда

Кулпунайдан үй шартында бетке, чачка, денеге ар кандай маскаларды жасоого болот.

Дерматологдордун пикиринде, кулпунай беттин өңүн жакшыртып, тактарды азайтат.

  • 4-5 кулпунайдын эзип, бетке жука сыйпаса, ошондой эле аны балга же сүткө аралаштырып пайдаланса болот. Масканы бетке 10-15 мүнөт кармап, андан соң жууп салуу керек.
  • Кулпунайды блендерден өткөрүп, бир аш кашык бал, кокос майын же 1/4 стакан алма уксусун кошуу кажет. Даяр болгон пастаны сууланган чачка сүйкөө шарт. 15 мүнөттөн соң масканы жууп салуу керек.
  • Скраб жасоо үчүн жарым стакан кумшекерге 4-5 даана кулпунай жана үч чай кашык зайтун майын кошуп, сүйкөп, андан соң жылуу суу менен жууну зарыл.
  • Эринге бальзам жасоо үчүн жемишти вазелин менен аралаштырып колдонсо болот.
WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.34.52.jpeg

Ошол эле маалда кулпунайды колдонууда адистердин бир катар кеңештерин эске алуу ашыкча болбойт:

  • Кулпунайдын курамында жемиш кислоталары бар, алар жарага, кесилген жерге же сезгенүүлөргө болбойт, анткени теринин абалын начарлатып салышы мүмкүн. Ушул эле себептен улам, кулпунайды күнгө күйгөн жерлерге сүйкөөгө болбойт, териге кошумча зыян келтириши ыктымал;
  • Сыртка чыгарда кулпунай маскасын колдонбоңуз, анткени бул фотодерматитке же теринин тегиз эмес пигментациясына алып келиши мүмкүн.

Кулпунайды тамак-аш жасоодо пайдалануу. Кулпунайды тоңдуруп, кургатып колдонсо да болот. Бул жемишти ар кандай таттуу азыктарды, ботколорду жасоодо кошуп, кооздосо көрк берет.

Кулпунайды тандоо. Жемиш катуу, күрөң тактары жок болушу керек. Кулпунай бат бузулуп кете тургандыктан терилгенден кийин 1-2 күн ичинде жеп түгөтүш керек. Салкын жерде же муздаткычта сактоо сунушталат.

Жууп, кургаткан соң тондургучка сактоо сунушталат.

WhatsApp Image 2025-05-23 at 15.34.52 (1).jpeg

Кулпунай жөнүндө кызыктуу фактылар:

  • Кулпунайды сүткө аралаштырып ичүү XV кылымда Генрих VII`нин убагында ойлоп табылганы айтылып жүрөт;
  • Сүт кошулган кулпунай Уимблдон теннис турниринде десерт катары берилет. Жыл сайын мелдеш учурунда 38 тонна жемиш коротулат;
  • Бельгияда кулпунай музейи бар. Анда кулпунайдан жасалган тамак-аштар коюлган анча чоң эмес дүкөн жайгашкан;
  • Гиннестин рекорддор китебине кулпунай да кирген. Эң чоң кулпунай Израилде 2021-жылы өстүрүлгөн. Анын салмагы 289 грамм, айланасы 34 сантиметрди түзгөн.