Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады

Экономика Жүктөлүүдө... 25 Апрель 2025 15:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Актурпак айыл аймагындагы "Кызыл Алтын" айыл чарба кооперативи 7 га жер аянтын иштетет, анда жалпысынан 14 киши эмгектенет.

Быйылкы жылы 4 гектарга  өстүрүлгөн "клера" сортундагы кулпунайдан гектарынан 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, Россия жана Казакстанга 1 килограммын 420-430 сомдон экспорттоп жатат.