Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитетинин 63-жыйыны өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.
Жыйын КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитетинин төрагасы Юрий Греховдун жетекчилиги алдында өттү.
Иш-чаранын алкагында коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев жыйындын катышуучулары менен жолугушту.
Жолугушууда ошондой эле, абадан коргонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана аскердик ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.
Андан сырткары Координациялык комитеттин айрым мүчөлөрүнө жана КМШнын Бириккен абадан коргонуу системасында кызмат өтөгөн офицерлерге юбилейлик медалдар тапшырылды.
Андан соң комитеттин иши жумушчу форматта улантылды.