Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

ЕАЭБ 4 август 2026 12:15
Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

Жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтөт. Күн тартибине ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары байкоочу өлкөлөрдүн катышуусунда 15тен ашуун маселени карашат.