Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды

ЕАЭБ 6 август 2026 16:50
6a7181368be28.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-08-06 at 16.50.30.jpeg
Алдыга
Артка
6a7181368be28.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2026-08-06 at 16.50.30.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 06.08.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги тар курамдагы жыйыны башталды.

Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө экономикалык-интеграциялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, сооданы өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлор жана биримдиктин алкагындагы техникалык жөнгө салуу маселелери каралат.

Белгилей кетсек, эртең жыйын кеңейтилген курамда өтөт.

Өкмөт башчылар кеңештин алкагында чогуу сүрөткө түшүштү.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"