Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйыны башталды

ЕАЭБ Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-08-07 at 11.24.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 11.24.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-07 at 11.24.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-07 at 11.24.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 07.08.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кеңейтилген курамдагы жыйыны башталды.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) күн тартибиндеги 15тен ашык маанилүү маселе каралат.

Эске салсак, кечээ, 6-августта, ЕӨАКтын жыйыны тар курамда өткөн. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары — Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.

Кеңейтилген курамдагы жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жалпы рынокту кеңейтүү жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча бир катар маселелер талкууланат.

Айпери Сатыбалдиева, "Кабар"