Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы №21 тергөө абагы эки күндөн кийин иштей баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Азат Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, комплекстин курулушу эки жылга жетпеген убакытта аяктады. Мекемеде айыпталуучулардын жана шектүүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу үчүн, ошондой эле кызматкерлердин иши үчүн шарттар түзүлдү.
“Мекеме бардык зарыл шарттарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулду. Кызматкерлер үчүн спорт залдар, эс алуу бөлмөлөрү жабдылган, жаңы компьютерлер, эмеректер жана башка керектүү жабдуулар орнотулду”, — деди ал.
Жаңы тергөө абагында көчмө сот отурумдарын өткөрүү үчүн бөлмөлөр да каралган. Мындан тышкары, мекеме заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Азат Кудайбергеновдун пикиринде, бул жерде керектүү текшерүүлөрдү жана анализдерди жүргүзүүгө болот. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мекемеде видеобайкоо системалары орнотулган.
Тергөө абагынын жетекчиси белгилегендей, көчүүгө даярдык толугу менен аяктаган.
“Биз көчүүгө даярбыз. Эки күндөн кийин кызматкерлерди да, камактагыларды да көчүрө баштайбыз. Жаңы мекемеде 200дөн ашык кызматкер иштейт”, — деп билдирди ал.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Азат Кудайбергенов жаңы тергөө абагында уюлдук байланышты басаңдатуучу жабдуулар колдонулбай турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жаңы №21 тергөө абагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылындагы ЖАМКнын мурдагы №50 мекемесинин аймагында жайгашкан. Ал 1,5 миң орунга эсептелген, курулуш аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.