Бишкек, 09.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен жолугушууларынын алкагында 100гө жакын жаранга акысыз укуктук кеңеш берилип, алардын жазуу түрүндөгү арыздары кабыл алынды.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында министрликтин борбордук аппаратынын, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын, Юридикалык жардам кызматынын жана Пробация департаментинин кызматкерлери көчмө кабылдамаларды уюштурушту.
Алар Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларында, ошондой эле Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата жана Москва райондорунда иш алып барышты.
Кабыл алуу учурунда адистер жергиликтүү тургундардын укуктук маселелерине байланыштуу суроолоруна жооп берип, оозеки кеңештерди беришти.
Мындан тышкары, жарандардын расмий жазуу түрүндөгү арыздары кабыл алынып, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө кароого жөнөтүлдү. Арыздар министрликтин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.