Чүй облусунда кызды ала качкан шектүүлөр кармалды

Коом 774 14 Январь 2026 09:33
614315403_921002377252662_8763481544003983282_n.jpg
615362609_921002493919317_3945772154991792285_n.jpg
Алдыга
Артка
614315403_921002377252662_8763481544003983282_n.jpg
615362609_921002493919317_3945772154991792285_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда кызды ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кожомкул айылынын 2007-жылы туулган С.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал чала таанышы никеге туруу максатында Step Wagon үлгүсүндөгү унаага күчтөп отургузуп, уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан 23 жана 24 жаштагы шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.