Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда мурда бир катар көйгөйлөр болгон. Айрым өлкөлөрдө иштеген жоопкерчиликсиз ортомчулар абитуриенттерди туура эмес жолдор менен кабыл алып келишкен. Бул тууралуу Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун директору Чыңгыз Узакбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы түзүлгөн борбордун негизги максаты — чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу процессин иретке келтирүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
"Мамлекеттик ишкана түзүүнүн бир себеби – ортомчуларды издеп таап, бул процесстен четтетип жатабыз. Элчиликтердин сунушу менен гана кабыл алганга расмий өкүл катары иш жүргүзөбүз. Өздөрү окууга тапшырып келген студенттер дагы мындай ортомчулук иш менен алектенип келишкен учурлар болгон.
Ошондой эле мындан ары жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу боюнча квоталар алардын мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат. Анда окуу жайдын инфраструктурасы, материалдык базасы, жатакана мүмкүнчүлүгү жана профессордук-окутуучулук курамы эске алынат.
Буга чейин айрым окуу жайлар өз мүмкүнчүлүгүн толук баалабастан эле көп сандагы студенттерди кабыл алган учурлар болгон. Жаңы система аркылуу мындай көрүнүштөрдү жөнгө салуу жана билим берүүнүн сапатына басым жасоо пландалууда.
"Андан сырткары, айрым кыргызстандык жогорку окуу жайлар чет өлкөлөрдүн "кара тизмесине" кирген учурлар болгон. Бул маселени чечүү үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр убактылуу гана натыйжа берип келген. Эми алдыда комплекстүү чаралар көрүлөт", - деди Узакбаев.
Ал белгилегендей, чет өлкөлүк студенттерди расмий кабыл алуу 13-июлда башталып, 15-ноябрга чейин уланат. Андан сырткары, алар үчүн кышкы тапшыруу дагы каралган. Ал үчүн январдан март айына чейин убакыт берилип келет.