Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштырууга 6 ай мөөнөт берилди - Самыкбаев

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-02-10 at 14.07.48.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштырууга 6 ай мөөнөт берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдарбек Самыкбаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга Абхазия, Армения жана Россиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган.

“Аталган жарлыкты ишке ашыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн. Бул топтун курамына, Тышкы иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Бажы, Салык кызматтарынын өкүлдөрү кирген. Азыркы учурда ушул жумушчу топ жөнгө салуу механизимин аныктаган керектелүүчү ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгууда”, - деди ал.

Ал белгилегендей, алты айлык мөөнөттө жөнгө салуу жол-жобосу төмөндөгү 3 этап менен ишке ашат:

-1-этап — укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;

-2-этап — укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу;

-3-этап — укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү.