Минкаб унаалардын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибин бекитти

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Апрель 2025 10:51
WhatsApp Image 2025-01-29 at 15.36.14.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагынбаев

Ташкент, 01.04.25. /Кабар/. Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартиби бекитилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бул токтомдун максаты КР президентинин "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле транспорт каражаттарын эсепке алууну жөнгө салуу жана жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу. 

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрмөкчү, бекитилген тартип 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат. 

Толук маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу алууга болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4631