1-сентябрдан тартып чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу токтотулат

Коом Загрузка... 22 Июнь 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-06-22 at 14.53.35.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. 1-сентябрдан тартып чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу токтотулат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген жана белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттары гана легалдаштырылат.

Ал эми 2025 жана 2026-жылдары өлкө аймагына киргизилген унаалар легалдаштырылбайт. 2026-жылдын 1-сентябрынан кийин чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууга жол берилбейт.

“Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн транспорт каражаттары үчүнчү жактардын пайдасына ажыратылууга жатпайт. Мындай транспорт каражаттарын сатууга, белекке берүүгө, ишеним кат боюнча өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө же башка жол менен башка адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Легалдаштырылган транспорт каражатын башкарууга аны легалдаштыруу тартибине ылайык кимге катталган болсо, ошол адамга гана уруксат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды Кыргызстанда легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн жана мурда катталган өлкөлөрдө каттоодон чыгарылбаган чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар унааларды сатып албоого чакырат.